Коом

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Дөө Чыңгыз” кармалды

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө «Дөө Чынгыз» деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү.

Буга байланыштуу, Дж.Ч.А. мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылса болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button