Коом

Бишкекте милиционерлер темир жолдо уктап калган адамды куткарып калышты

Бишкекте милиционерлер темир жол боюнда уктап калган адамды куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуулчулар темир жолдо поезддин өтүшүн күтүп турганда рельсте адамдын жатканын көрүп, дароо чуркап барып, ал адамды куткарып калышкан.

Куткарылган адам өзүнө-өзү кол салууну көздөбөгөнүн, мас абалында уктап калгандыгын билдирген.

Анын айтымында, туруктуу жашаган жери жок.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button