Коом

Коомдук активист Чыңгыз Абдымомунов: Исмаил Исаков элден кечирим сурасын жана жоопко тартылсын!

Коомдук активист Чыңгыз Абдымомунов Фейсбук баракчасы аркылуу Исмаил Исаковго кайрылуу жасады.  Анда Исмаил Исаковдун  2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу фактыларды айтып, элден кечирим суроосун талап кылды.

Чыңгыз Жаныбековичтин кайрылуусун өзгөртүүсуз беребиз:

“Исмаил Исаков боюнча кайрылуу жасайын дедим. Анткени ал өткөн учурду тез унутабы же, кар жаады, из басты болуп калат деп ойлойбу, айтор,  эмнегедир аябай күпүлдөп катуу сүйлөп жатат. Исмаил Исаков оппозициябы, оппозиция эмеспи, мени ал кызыктырбайт. Ал оюндан алыс адаммын. Бирок Исмаил Исаков боюнча мен өзүм билген чындыктарды айтып коюуну туура көрдүм.

Урматтуу Исмаил Исаков! Сиз бүгүнкү күндө Баткен боюнча боор ооруп, жан тартып айтып жатасыз. Аныңызды туура түшүнөбүз. Ар бир кыргыз сиз ойлогонду ойлоп жатат. Бирок урматтуу Исмаил Исакович, ошол нерсе сиз баштаган, сизге окшогон шалаакы, маңкурт, алысты көрө билбеген, коррупционердин айынан болуп жатат. Себеби 2000-жылга чейин сиз Коргоо министринин биринчи орун басары болуп турганда Ооганстан менен Тажикстандын чек арасын коргойбуз деп кыргыз жоокерлерин алып кетип тургансыздар. Өлгөндөр да, майып болгондор да болгон. Бирок эгер сиз ушундай акылдуу экенсиз, ушундай көрөгөч экенсиз, эмнеге ошол учурда тажиктер өздөрүнүн алапайын таппай, өздөрү төрт-бешке бөлүнүп  согушуп жатканда Баткенге бооруңар ооруса чек араны зыңкыйтып зым менен тосуп койгон жоксуңар? Бүгүнкүдөй шахматтай болуп биринин огородуна бири үй салып, ызы-чуу болбойт эле го. Дал сизге окшогон шалаакы, чиновниктердин айынан бүгүнкү күндө Баткенде проблема болуп жатат. Муну сиз билишиңиз керек. Баткен жөнүндө сөз сүйлөгөндө сиз биринчи элден кечирим сурап туруп анан сүйлөшүңүз керек, бул биринчи.

Экинчиси, урматтуу Исмаил Исаков, Аскар Акаевдин учурунда акыркы күндөрү Текебаевдин приемдору өтпөй калгандан кийин, жасалма оппозиционер катары ал ролду сиз колго алгансыз. 2002-жылы Акаевге каршы оппозициялык топ түзүп, ага сиз жетекчи боло калып, кайра кечинде Акаевдин койнуна кире калып, чайкоочулук кылып, соодалашып жүрүп генерал чинин алгансыз. Оппозициянын акчасын жегенсиз, бийликтен чинди алгансыз. Урматтуу Исмаил Исакович, сиз эки жүздүү чайкоочу саясатчысыз.

Үчүнчүсү, урматтуу Исмаил Исаков, сиз оюнда эмне болсо оозунда ошол деп Ташиев жөнүндө күпүлдөп аябай маек берип жатасыз. Ташиевге сиз өзүңүздү салыштырбаңыз. Ташиев сиз өрттөгөн отту өчүрө берип чарчаган адам.

Сиз жөнүндө айта турган болсом, бактылуу өкмөт дейбизби, убактылуу өкмөт дейбизби, 2010-жылы революциядан кийин бийликке келгенден кийин сиз Коргоо министри болгонсуз. Ошол эле учурда Түштүк Кыргызстандын – Жалал-Абад, Баткен, Ош облусунун куратору болгонсуз. Жоопкерчилик жүз пайыз сиздин мойнуңузда болчу. 2010-жылдын май айында сиз дайындалгансыз, июнда Ош коогалаңы болду. Сиз Ташиевди күлүңөрдү көккө сапырам деди деп күпүлдөп жатасыз. Ооба, Ташиев ачуу үстүндө айтты. Бирок сиз минтип айтпай туруп түштүктүн күлүн көккө сапырып койдуңуз эле го. 2010-жылы Июнь коогалаңы түздөн-түз сиздин көзөмөлүңүздүн астында өттү го. Миңдеген үйлөр өрттөлүп, күлү асманга сапырылды го. Сиздин көзөмөлүңүздүн алдында миңдеген адамдар өрттөлүп, күлү асманга сапырылды го. Сиз Ташиевди өзүңүзгө теңебеңиз. Сиз Жалал-Абадды да ошондой кылмаксыз. Бирок Ташиевдер бар үчүн Жалал-Абадда Оштогудай көп адам өлгөн жок. Сиз жамандап жаткан Ташиев көп адамды өлүмдөн сактап калды.

Урматтуу Исмаил Исаков, сиз сепаратисттер менен карым-катнаш, дос болгонуңуз үчүн жооп беришиңиз керек. Кадыржан Батыровдун журналистке берген маегинде Кыргызстандан кантип чыгып кеттиңиз эле деген суроосуна,  Исмаил Исаковдун жардамы менен чыккам дегенин өз оозунан уктук го. Сиз Кыргызстандын Коргоо министри, жөнөкөй эмес, Коргоо министри, үч облустун куратору, бийликтин мүчөсү болуп туруп Кыргыз Республикасынын  бүтүндүгүнө кол салган сепаратисти кантип чыгарып жибердиңиз? Ошондуктан сиз камалышыңыз керек, жоопко тартылышыңыз керек. Ушакчы, “базарная бабадай” болуп, сайрап отургандын ордунда сиз азыр түрмөдө отурушуңуз керек болчу.

Исмаил Исакович, сиз саткынсыз, сиз жооп беришиңиз керек. Эгерде аң сезимиңизде кыпындай бир жоопкерчилигиңиз болгондо Июнь окуясын эстеп болсо дагы бир да жолу минтип чыгып сүйлөгөнгө сиздин ыйманыңыз жол бермек эмес. Сизден мен талап кылам, чыгып 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кыргыз элинен кечирим сурашыңыз керек. Сизге үч күндүк мөөнөт берем. Эгерде кечирим сурабасаңыз анда биз бийликтен сизди жоопкерчиликке тартышын талап кылабыз. Үч күн убакыт берем,  кечирим сурап, анан сөз бериңиз. Сиз саясатты эмне кыласыз, сиз жөн эле кылган ишиңиз, жашап өткөн жолуңуз, миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болгон жашооңуз үчүн элден кечирим сурашыңыз керек. Болбосо Июнь окуясында жабыркагандардын баарын чогултам. Жалпы үч коом бар. Бири Жалал-Абадда, экөө Ошто. Биз бардыгыбыз сизди кылмыш жоопкерчилигине тартсын деп бийликке талап менен чыгабыз”, — деди Чынгыз Абдымомунов.

Чыңгыз Абдымомуновдун видео кайрылуусун бул шилтемеден көрсөңүз болот:

http://https://fb.watch/exSWU1LGMb/

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button