Коом
ӨКМ: Аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызстанда 1–4-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу жаралат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Мындан тышкары, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
ӨКМ бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүүнү сунуштады.
Министрлик жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүүгө жана кооптуу жайлардан алыс болууга чакырат.



