Коронавирус. 283 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус дагы 283 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 158,
Ош шаарында – 14,
Чүй облусунда – 75,
Талас облусунда – 3,
Нарын облусунда – 10,
Ысык-Көл облусунда – 18,
Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 289 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 755 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 472 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 89 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 511 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 446 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 409 киши айыгып чыкса, 1 миң 675 адам каза болду.



