Коом

Жакында бишкектиктердин үйүнө ысык суу келет. Алдын ала эмне кылыш керек

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы 17-июндан тарта борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө ысык суу акырындап берилерин айтып, анын алдында батир ээлери эмне кылышы керектигин эскертти.

Ысык сууну бир ай мурда, 17-майда, өчүрүшкөн. Бул аралыкта, тагыраагы, бир ай бою «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы оңдоп-түзөө, көзөмөл иштерин жүргүзүп, ысык суу өткөн түтүктөрдүн бекемдигин текшерди.

Бүгүн, 16-июндан тарта тармактарга суу жүгүртүп, толтуруу иштери башталат. Аталган ишкана суу келер алдында эмне кылыш керектигин видео түрүндө көрсөтүп берди.

Алар суу келер алдында жашоочуларды үйүндөгү крандарды бир ирет текшерип, жаап, суу каптап кетпеш үчүн байкоо салып коюуга чакырды. Суу ысытып колдонгондор орнотулган бактарды өчүрө турушу шарт. Бул тууралуу да айтып беришти.

Эгерде авариялык кырдаал жаралса төмөнкү телефон номерлерине чалуу керектигин эскертишти:

  • Колдонуучулар үчүн иштеген борбор: — (0312) 61-11-69, 1980, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66;
  • Диспетчердик кызмат — 56-85-58;
  • Борбордук райондун көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системасынын нөөмөттөгү инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;
  • Түштүк район боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системанын нөөмөттөгү инженерлери — 51-06-22, 21-74-06.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button