Коом

Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоо иштери аяктады

Төө-Ашуудагы Көлбаев тоннелинде оңдоо иштери кечээ, 8-августта, аяктады. Азыр унаалардын өтүүсүнө чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалымат кызматы соңку айдагы чектөөлөрдү киргизүүнүн себептерин эске салды:

5-июль күнү тоннелде жолтандабас күйүп кеткен. Натыйжада ал жерде электр жарыгы өчүрүлгөн;

7-9 жана 15-17-июль күндөрү айрым учурларда жол кыймылына чектөө киргизилген. Күйүп кеткен электр кабели алмаштырылып, желдетүү системасы калыбына келтирилди;

22-июлдан 27-июлга чейин, 29-июлдан 7-августка чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу тоннелде оңдоо иштери жүргүзүлдү;

7-июлдан 9-июлга чейин, 15-июлдан 17-июлга чейин, 22-23-27-июль, 29-июлдан 7-августка чейин график боюнча автотранспорттордун өтүүсүнө чектөө киргизилген. Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болчу.

«8-августта тоннелди жамоо иштери аяктады. Бирок жакынкы аралыкта башка жолдорду оңдоо иштери күтүлүүдө. Андыктан кайрадан чектөөлөр киргизилиши ыктымал. Бул тууралуу алдын ала кабарлайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button