Окуялар
Ойноп кеткен боюнча дайынсыз. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда үч кичинекей бала изделүүдө
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда дайынсыз жоголуп кеткен үч кичинекей бала изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач милицияга Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары үйдөн ойногону чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
«4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу бөбөктөрдү издөө иштерине Каракол шаарынан төрт куткаруучу барган. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган», — деп жазылган маалыматта.



