ВИДЕО: Ысык-Көл облусунун милициясы туристтик милиция тууралуу социалдык роликтерди даярдады

Даярдалган социалдык роликтердин негизги максаты — бул Ысык-Көл облусуна туристтердин келүүсү үчүн, туристтик багыттын ишенимдүүлүгүн баалоодо олуттуу аргумент болуп, өздөрүнүн коопсуздугу жөнүндө ойлонбостон, аймактын уникалдуу жаратылыштык ажайып жерлеринен ырахат алууга багытталган, бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Облустук милициядан белгилешкендей, жайкы туристтик сезондун башталышы менен туристтик милициянын өздүк курамына туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу жаатында коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө. Мурунку жылдардагы топтолгон иш тажрыйба быйылкы жайкы туристтик сезондо да пайдаланылат.
«Чет өлкөлүк туристтер гана эмес, республиканын башка региондорунан келген эс алуучулар, өздөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун коргоодон баштап, эгерде аймакты жакшы билбесе, белгиленген жерге багыт алууга чейин, туристтик милициядан ар кандай жардамга кепилдик ала алышат», — деп айтылат маалыматта.





