Коом
Сузактагы кырсык. Реанимациядагы соңку балага операция жасалып, палатага которулду

Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, бут сөөктөрү жабыркаган балага квалификациялуу адистер тарабынан бүгүн операция жасалып, ийгиликтүү өттү.
“Бейтаптын абалы туруктуу деп баалангандыктан жалпы палатага которулду”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ренимацияга жалпы төрт бала түшкөн. Алардын үчөө буга чейин палатага которулган. Абалдары жакшы, дарыланууну улантып жатышат.
8-майга карата Сузак районунан алып келинген 10 баланын абалы туруктуу.



