Коом

Бишкектин бир бөлүгүндө 26-июнда суу убактылуу өчүрүлөт

26-июнда Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Чектөө саат 09:00дөн 21:00гө чейин күчүндө болот.

Муниципалдык «Бишкекводоканал» ишканасынын маалыматына ылайык, суусуз турак үйлөр, мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана башка социалдык жана өндүрүш объектилери калат.

Суу өчүрүлө турган аймак Коперник, Поваринская, Тыналиев, Иса Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрү менен чектелет.

Мындай чара Коперник көчөсүндөгү диаметри 200 миллиметр болгон суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу кабыл алынууда.

«Бишкекводоканал» шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырып, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Ошондой эле ишкана пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды Мой город мобилдик тиркемеси аркылуу алып турууга болорун эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button