Коом
2022-жылдын 21-сентябры саат 20:00гө карата Баткен облусунун аймагында абал тынч. Ок атышуу катталган жок.

Социалдык тармактарда айтылып жаткан расмий эмес маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Андыктан, баарыңыздарды такталбаган маалыматка ишенип, дүрбөлөң салбоого чакырабыз.
Саат 19:30да эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзоданын күч структураларынын жетекчилери менен бирге жолугушуусу башталды.
Кошумча маалымат берилет
Президенттин Баткн облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы



