Коом

Сүйүнчү! Ошто үч эм төрөлдү

Ош облустук төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева кабарлады.

Анын айтымында, 17-декабрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1997-жылы туулган Нодирабегим Сабирджанова аттуу тургуну операция жолу менен үч эмди жарыкка алып келген.

Ымыркайлар 2 кг 400 гр (кыз), 2 кг 400 гр(эркек), 2 кг 300 гр (эркек) салмакта төрөлгөн.

“Учурда ымыркайлардын абалы жакшы. Убактысына жетпей, ара төрөлгөндүктөн дарыгерлердин көзөмөлүндө”, — дейт Асылбашева.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button