ИИМде Индия менен Пакистандын дипломаттары менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-июнь күнү Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаровдун демилгеси менен Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар окуп жаткан жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу уюштурулду.

Аталган жолугушууга Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам мырза, Индиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттержи мырза, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты.
Милициянын полковниги Оролбек Акпаров конокторду ИИМдин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, студенттердин, ошондой эле башка чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун күчөтүү максатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Кайтарууда турган объекттерден келген “айгай” белгилерине кармоо топторунун ыкчам аракет көрүүсү ачык көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Кызматтын башчысы ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан биздин алдыбызга коюлган милдеттердин бири – чет өлкөлөрдүн жарандары жашаган жерлерди, тактап айтканда студенттер жашаган жатаканаларды коргоону уюштуруу экенин белгиледи. Белгилей кетсек, мындай чечимге элчиликтердин өкүлдөрү да артыкчылык беришкен. Анткени, жакында ИИМдин жетекчилиги менен болгон жолугушууда студенттердин биздин өлкөдө жүргөн учурундагы коопсуздук маселелери талкууланган.
Өз кезегинде элчиликтердин өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери Кыргыз Республикасында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин коопсуздук маселелерин уюштурууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган жолугушуу жана Күзөт кызматынын ишмердигин тааныштыруу ИИМдин жетекчилигинин талаптарын аткаруу максатында өткөрүдү.



