Коом
Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында товарлардын көргөзмөсү өтүүдө

«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунун алкагында эки өлкөнүн товарларынын көргөзмөсү өтүп жатат.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө.
Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.
Маалымат үчүн: бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.



