Унаадагы кондиционер аллергия жаратышы мүмкүн

Дарыгер-аллерголог жана иммунолог Елена Москаева унаа айдоочуларын автоунаадагы кондиционер күтүүсүз коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.
Анын айтымында, кондиционердин ичинде аллергияны козгой турган заттар топтолушу мүмкүн.
Аларга көгөргөн козу карындардын микроскопиялык бөлүкчөлөрү, чаң кенелери жана өсүмдүктөрдүн чаңчалары кирет. Кондиционер иштетилгенде бул бөлүкчөлөр абага таралып, адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Аллергендердин топтолушуна жол бербөө үчүн адистер төмөнкү үч белгиге көңүл бурууну сунушташат:
-Кондиционер күйгүзүлгөндөн кийин бир нече секундга болсо да жагымсыз жыттын чыгышы;
-Абанын агымынын алсырап калышы;
-Желдетүү системасы иштеп турса да айнектердин мурдагыдан тезирээк бууланышы.
Адистин белгилешинче, бул белгилердин бири эле кондиционер бузулганын билдирбейт. Бирок алар системаны текшерип, өз убагында тазалоо же тейлөө зарылдыгын көрсөтөт.


