Коом
Москва менен Бишкек Кыргызстанда АЭС куруу долбоорун негиздөө боюнча техникалык тапшырмага кол коюшту

Бул тууралуу КР Энергетика министрлиги билдирет.
«Росатом» менен министрликтин өкүлдөрү шейшембиде Сочидеги «Атомэкспо» форумунда жолуккан.
Документке кыргыз тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев, Россия тараптан «Русатом Энерджи Проджектс» башкы директору Андрей Рождествин кол койду.
Жыл башында Москва менен Бишкек Кыргызстандагы биринчи атомдук электр станциясынын долбоору боюнча кызматташууну макулдашканы кабарланган.
@user2



