Акыйкатчы аппаратында абал тынч эмес

“Атыр айымдын чар-жайыт башкаруусуна, өзүм билемдигине, жамаатты экиге бөлүп мамиле кылган эки жүздүү мамилесине чыдабай, жамааттын тең жарымы жарыла турган абалга жетип, алар Акыйкатчынын мыйзамсыз иш-аракеттерин, кылган кылыктарын, жүрүм- турумунун баарын ачык кат кылып жазышкан экен” деген пикирин билдирди Фейсбук колдонуучусу, журналист Аида Надырбекова.
“Ага пол жууган эжелер дагы кол коюшуптур. Анан ал алардын бөлмөсүнө барып, пол жууган 3 аялды «бизди бул арызга мажбурлап койдурду» — деген кат жаздырып тыбырчылап жүрөт деп айтып жатышат :)))
«Башкаларга тили өтпөсүн билип, күнү ошол эжелерге түшүп, алы жетип, коркутканы пол жууган аялдар окшобойбу.
«Ушундай майда, тайыз адамды биринчи көрдүк» — деп жамаатындагылар жакасын кармап отурушат экен.
Мурда кеткендер арыз жазышса көбүбүз ишенбей койдук эле, эми иштеп аткандар «37-жылдагыдай эле прессинг болуп жатат» — деп атышса ишенет экенсиң.
Жамааттагылардын баары жаман, жалгыз өзү аппакмын деген позициядан кайтсын, башындагы коронасын эртерээк чечсин:)) деп айтып коёр бирөө жарым барбы? Же жамаатты чуулдатып бийлигинен пайдалана береби?” – деп жазды Аида айым.



