Коом

Кылмыштуу чөйрө менен достошкон милиция кызматкерлерине эми ким ишенет?

Кечээ Кочкор районунун РИИБ башчысы менен  милиция кызматкерлери жергиликтүү ишкерди коркуткан  кылмыштуу топтун мүчөлөрүн коргоп, алар менен “табакташ” болгон фактысы ачыкка чыкты.  Ишкерлерди коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана аларды коргоого алган  Кочкор районунун РИИБин  милиция кызматкерлери  УКМК тарабынан кармалышты.

Милиция ушундай уюшкан кылмыштуу топ менен катуу күрөшүүсү зарыл. Алар менен достошуу, алардын укугун коргоо бул кечирилгис!  Мындай  кылмышкерлер мыйзам алдында жооп бериши керек! Кочкор районунун РИИБ жетекчиси кол алдындагы милиция кызматкерлери менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн укугун коргоп, алардын алдында бүжүрөп туруусу акылга сыйбай турган иш!

Кыргызстанда кылмыштуу топтор ишкерлерди коркутуп, салык салып, акча алып турган кɵп эле фактылар катталып келет. Кичинекей дүкɵн же кафе иштетсе дагы, сɵзсүз түрдɵ «караларга» ай сайын белгилүү бир сумманы беришери айтылып жүрɵт. Канча сумма аларын «каралар» айтып, ишкер ошону даярдайт. Ишкер кɵбүнчɵ ашыкча ызы-чуудан качып, иштери жүрүшүп турса «каралар» айткан сумманы берип, тынч жашоону каалашат окшойт.

Кечээ Кочкор районундагы кафе иштеткен жаран менен «каралардын» ортосундагы ɵтɵ жагымсыз окуя милициялардын кылмыштуу топко карата жана адамдардын, болгондо дагы салык тɵлɵɵчү ишкердин коопсуздугун камсыздоого болгон мамилеси ачыкталды. Видеодо кɵрүнүп тургандай, кафенин ээсине жана милициялардын ɵздɵрүнɵ жасалган кылмышка шектүүлɵрдүн орой, адепсиз, чектен ашкан мамилесине милиция эч кандай чара колдонбостон, окуя болгон жерден чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлеринин мындай аракетсиздиги кафенин кожоюнун аргасыздыкка алып келип, ал экинчи жолу 102 кызматына чалып, окуянын чоо-жайын айтып, мушташкандарга чара кɵрүүгɵ чакырат. Мындан да майнап чыкпайт. Кафенин кожойкесин кылмышка шектүүлɵр «айына 1000 (миң) АКШ долларын берип турбасаң, 2 литр бензин менен ɵрттɵйм, 97 сомго» деп ачык айтып коркуп, зомбулук кɵрсɵтɵɵрүн да билдирет. Булардын баары милиция кызматкерлеринин кɵз алдында болот. Видеодо баары ачык кɵрүнгɵн. «ϴзүн-ɵзү билип, ɵтүгүн тɵргɵ илген», ɵздɵрүн  мыйзамы жок жапайы ɵлкɵдɵ жашагандай сезген кылмышка шектүүлɵр «укук коргоо органдарында тааныштарым бар, эч нерсе кыла албайсың» деп ɵктɵм сүйлɵгɵнүндɵ мандем бар экен. Кылмышка шектүүлɵр менен тергɵɵ иштеринин жүрүшүндɵ, Кочкор районундагы ички иштер бɵлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүлɵрдү калкалап, жасаган кылмыштарына кɵз жумуп, кылмыш жасалса да, аны каттабай, «каралар» менен табашкташ болуп келишкени аныкталган. Бул кылмышты Улуттук коопсуздук мамлекеттик органдары ачыктады. Милиция кызматкерлери буга чейин деле жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип (Свердлов райондук ИИБсинин кызматкерлери), кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пара алуу фактылар менен кармалган фактылар бар.

Милиция кызматкерлери коомчулуктун коопсуздугун камсыздоонун ордуна «каралар» менен иштешип, аларды колдоп, коргоп келгени  кейиштүү кɵрүнүш. Бери дегенде кесибин, чинин, ɵздɵрүн сыйлабагандык жана ачкɵздүк, наадандык десек болот. ϴлкɵдɵ милициянын үстүнɵн УКМК жана Башкы прокуратура кɵзɵмɵлдɵп, кылмышка шектүүлɵрүн камап, кылмыш ишин козгоп турбаса, ИИМдин кызматкерлери, башкармалыктын башычылары дагы кылмыштуу топтор менен «ынак» болуп кетишет окшобойбу.

Кочкордогу кылмыштуу топтун мүчɵлɵрү менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы ысык мамилелерден кийин, кайсы жаран милицияга ишенип, укугумду коргоп бер деп кайрылат? Кырыгзстандагы 2005-жылдагы бийлик алмашуудан бери милициянын кадыр-баркы тɵмɵндɵгɵндɵн тɵмɵндɵп баратат. Мамлекет ИИМдин кызматкерлеринин айлыктарын кɵтɵрүп, шарттарын түзүп берүүдɵ. Милиция кызматкерлери ɵздɵрүнɵ тиешелүү кылмыштуулук жана башка иштер менен алектениши керек. Негизи  ИИМ катарындагы кызматкерлерин тазалап, түзүмдɵрдү реформалоого муктаж!

Ал эми бул тууралуу ИИМ министри  Улан Ниязбеков азырынча үн ката элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button