Өмүрбек Текебаев Гамбургдун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Гамбургдун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары катары Кыргызстанга германиялык жабдууларды алып келүү, алдыңкы технологияларды киргизүү, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Германиянын рыногуна экспорттоо, эки өлкөнүн ишкерлеринин түз байланышын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында, экспорттук кредиттерди камсыздандыруу жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча дүйнөдөгү эң ири операторлордун бири болгон Эйлер Герместин жетекчилиги менен жолугушууда кыргыз жана герман компанияларынын ортосундагы экспорттук операцияларга, атап айтканда өнөр жай жабдууларын жеткирүүгө кепилдиктерди берүү маселелери талкууланды. Тараптар кыргызстандык импорттоочулар үчүн тобокелдиктерди азайтуу жана германиялык өнөктөштөрдүн ишенимин арттыруу механизмдерин иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдиришти.
Интертектин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанда айыл чарба жана тамак-аш азыктарын Европа биримдигинин талаптарына ылайык сертификациялоо боюнча заманбап лабораториянын курулушуна өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоор кыргызстандык өндүрүүчүлөргө Европанын рынокторуна түз чыгууга жана улуттук продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Элчи Текебаев ошондой эле кадрларды даярдоо менен алектенген «LUNO-Gruppe» компаниясынын жетекчиси М.Новак менен жолугушуп, эки өлкөнүн адистери ортосунда стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуунун келечегин талкуулады.
Мындан тышкары, Гамбургдун Соода-өнөр жай палатасынын башкы директору доктор М.Гейне менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстан менен Гамбургдун ишкерлеринин ортосунда региондор аралык байланыштарды кеңейтүү жана түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды. Гамбургдун Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу астында өтүп жаткан көргөзмөлөргө жана бизнес-форумдарга кыргызстандык компаниялардын катышуусунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.



