Дүйнө

Ирландияда президенттик шайлоодо 68 жаштагы Кэтрин Коннолли жеңип чыкты

Көз карандысыз талапкер Кэтрин Коннолли 24-октябрда Ирландияда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Жеңиш 26-октябрда жарыяланды.

Кэтрин Коннолли өлкөнүн тарыхындагы үчүнчү аял президент болду. Ал 1957-жылы 12-июлда Ирландиянын батышындагы Голуэй шаарынын чет жакасында жыгач устанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1981-жылы ал Лидс университетинен (Англия) клиникалык психология боюнча магистр даражасын алып, бул тармакта бир нече жыл иштеген. 1989-жылы ал Голуэй университетинен юридикалык даражасын алып, 1991-жылы үй-бүлөлүк укук боюнча адистешкен адвокат болгон.

Коннолли Ирландияда социалдык адилеттүүлүктү жана нейтралдуулукту жактаган солчул саясатчы катары белгилүү.

Ал 2011-жылдан бери мамлекет башчысы болуп келген Майкл Хиггинстин ордуна келет (анын мөөнөтү 12-ноябрда аяктайт).

Тектеш кабарлар

Back to top button