Коом
Курулушу жүрүп жаткан жаңы Ак үйдөн жумушчу кулап түшүп ооруканага жеткирилди

Жабырлануучу Өзбекстандын 30 жаштагы жараны экенин милиция билдирди. Ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, азыр нейротравматология бөлүмүнө которулду. Абалы туруктуу деп бааланууда.
Учурда тиешелүү эксперизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Жаңы Ак үй Бишкектин түштүк-батыш тарабында мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Имараттын жалпы аянты 21 миң чарчы метр. Садыр Жапаров имарат ушул жылдын сентябрь айында курулуп бүтөрүн айткан.



