Дүйнө

Монголияда чума чыкты. Россия коркунучта

Монголиянын жан-жаныбарлардын инфекциясын иликтей турган Борбору мөөнөтсүз карантин жарыялады, деп билдирди  Central Asia агенттиги.  

Аймакта карантин режими 29-июндан баштап киргизилген. 27 жаштагы эркек менен жаш кыз  ооруканага түшкөндөн кийин чаралар көрүлө баштаган. Азыр экөөнүн тең абалы өтө оор. Жаш кыз 60 адам менен тыгыз карым-катнашта, 400 киши менен кыйыр байланышта болгону белгилүү болду.

Алардын *бубон чумасын жуктуруп алышканынын себеби, Монголиянын тургундары суурдун чийки этин жешкен.

Чекаралаш мамлекет катары биринчи кезекте Россия коркунучта.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын күзүндө Кытайдын  Ички Монголия автономдуу районунда бубон чумасы катталган.  

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) аныктоосуна караганда, эгерде ооруну өз убагында дарылап калбаса, бубон чумасы чоң адамды 24 саатка жеткирбей өлүмгө алып келет.

*Бубон — бездин сезгениши.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button