Коом
Кыргызстанда өткөн аптада ОРВИнин 5,7 миңден ашык учуру катталды

Өткөн аптада Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциянын (ОРВИ) 5 миң 748 учуру катталды. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал жалпысынан туруктуу бойдон калууда.
Өткөн аптага салыштырмалуу ОРВИ менен ооругандардын саны 0,55 пайызга өскөн. Көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилиндеги деңгээлде болууда.
Ооругандардын болжол менен 80 пайызы — 14 жашка чейинки балдар. Алардын ичинен 57 пайызы — төрт жашка чейинки балдар.
Адистин белгилешинче, ОРВИ менен ооругандардын санынын сезондук өсүшү адатта балдар мектептерге жана бала бакчаларга кайтып келген мезгилде байкалат.



