Коом

Баткен облустук сотунун катчысы пара менен кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (Пара алуу) боюнча 300 миң сом ири өлчөмдөгү акча каражатын кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы Х.у.Ш. кармалды.

Кармалган Х.у.Ш. акча каражатын алып, соттордон оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button