Окуялар
Эне жана баланы коргоо борборунун оперативдүү гинекология бөлүмүнүн башчысы Марат Жажиев көз жумду

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оперативдүү гинекология жана эндовидеохирургия бөлүмүнүн башчысы Марат Жажиев каза болду. Бул маалыматты борбордон тастыкташты.
Жажиев 1967-жылдын 25-апрелинде туулган. Ал жогорку категориядагы акушер-гинеколог дарыгер, КРдин саламаттыкты сактоонун отличниги болгон.
Ар кайсы жылдары Бишкектеги №6 төрөт үйүнүн акушердик бөлүмүндө акушер-гинеколог болуп иштеген, андан кийин оперативдүү гинекология жана эндовидеохирургия бөлүмүн жетектеген.



