Окуялар

Исфанада автоунаа уурдап качкан жаран кармалды. ФОТО

Исфана шаарынын 36жаштагы тургуну “Ваз 2106” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп борбордук базарга кирип чыкканча, автоунаасын белгисиз адам тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Бул арыз Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өнедүрүш иши башталган.

Лейлек районунун аймагында жүрүп жаткан “Укук, тартип” иш-чарасынын алкагында, милициянын уполномоченныйлары уурдалган автоунааны урулган абалда Исфана шаарынын Т.Эрназаров көчөсүнөн таап, аны айдап качкан Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 39жаштагы М.З. аттуу жаранын аныктап кармашкан.

Азыркы күндө тергөө иштери улантылып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button