Коом

Кыргызстанда 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспорттор киргизилет

Министрлер Кабинети Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспортторду киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге төрага Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, өлкөдө эки түрдөгү жаңы үлгүдөгү документ берилет:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы (ID-карта);
  • Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.

Мурда берилген 2024-жылкы ID-карталар жана 2023-жылкы жалпы жарандык паспорттор бланктар түгөнгөнчө колдонулат. Андан кийин жаңы үлгүдөгү документтерге өтүү башталат.

Ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы паспортторду жекелештирүү укугу берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button