Коом
Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жаңы жетекчи мекеменин жамаатына тааныштырылды. Жолугушууда ата мекендик кино өндүрүшүн өнүктүрүү, кинопрокат системасын чыңдоо жана улуттук кинону жайылтуу сыяктуу артыкчылыктуу багыттар белгиленди.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, Улукбек Бегалы уулу кино жана телеөндүрүш тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ. Ал продюсер, аткаруучу продюсер жана локациялык менеджер катары ийгиликтүү фильмдерди жана сериалдарды жаратууга катышкан. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык кино долбоорлоруна да катышып келген.



