Бишкекте адам уурдап, 200 миң сом талап кылган деп төрт киши кармалды

Бишкекте адам уурдап, андан акча талап кылган деген шек менен төрт киши кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 17-февраль күнү К.С. атуу жаран алысыраак таанышы К. жана үч белгисиз адам түнкү саат 00:10до Чыгыш-5 кичи районунан аны “Мазда 626” унаасына күчтөп салып кетишкенин айтып кайрылган. Андан соң жабырлануучуну учтуу темир менен коркутуп 200 миң сом талап кылышкан. Анча акчасы жок болгондуктан Redmi үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, өзүн Бишкектин бир четине таштап из жашырып кетишкен.
“Ыкчам-издөө иштеринин алкагында Свердлов милициясы тарабынан 39 жаштагы М.М., 23 жаштагы К.А., 37 жаштагы Д.К., 29 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалды. Төртөө тең Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.



