Окуялар
Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ кабарлады.
Ал Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 баллга, Нура жана Эркечтам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
КРдин Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болгон.


