Путин: Ким биздин ишке аралашса, тарыхта болуп көрбөгөндөй жообун алат

Орусиянын президенти Владимир Путин видео кайрылуу жасап, АКШга жана батыш өлкөлөрүнө кулак кагыш кылды. Ал Россия менен Украинанын ортосуна ким кийлигишсе, тарыхта болуп көрбөгөндөй жооп кайтарыларын билдирди.
«Болуп жаткан окуяларга ким кийлигишүүгө аракеттенсе, бөтөнчө биздин өлкөгө кандайдыр бир басым жасай турган болсо, анын жообун сөзсүз алат. Болгондо да, мурда-кийин болуп көрбөгөндөй. Биз окуялар мындан ары кандай өңүттө өнүксө да даярбыз. Бардык чечимдер кабыл алынган»,- деп билдирген ал.
Путин Украинада болуп жаткан көрүнүштөрдүн бардыгы — аргасыз чара экенин белгилеген. Анын айтымында, Россияга башка аракеттерди көрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк берилген жок.
Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп сыпаттады.



