Дүйнө

Улуу Британияда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер өлкөдө 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салынарын тастыктады. Бул тууралуу ал Даунинг-стриттеги маалымат жыйынында билдирди.

«Бүгүн өлкөбүз үчүн маанилүү учур. Бул биздин балдарыбыз жана келечегибиз үчүн чоң кадам. Анткени бүгүн мен өкмөт 16 жашка чейинки бардык балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу сала турганын жарыялай алам», — деди Стармер.

Премьер-министрдин айтымында, Британиядагы ата-энелердин көпчүлүгү бул чечимди колдошкон. Ал ошондой эле өспүрүмдөр тыюуну айланып өтүүгө аракет кылганы үчүн жазаланбай турганын белгиледи.

Өкмөт бул тыюуну келерки жылдын башына чейин күчүнө киргизүүнү көздөөдө. Тиешелүү токтом Рождествого чейин кабыл алынары күтүлүүдө.

Стармердин айтымында, бул маселе боюнча өкмөт буга чейин ири технологиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.Премьер-министрдин билдирүүсүнөн кийин YouTube компаниясы мындай чектөө балдарды коопсуздугу төмөн платформаларга өтүүгө түртүшү мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин Британияда өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонуусуна «коменданттык саат» киргизүү боюнча эксперимент жүргүзүлгөн. Алты жумага созулган пилоттук долбоорго өлкө боюнча 300гө жакын жаш өспүрүм катышкан.

Изилдөөчүлөр мындай чектөөлөрдүн өспүрүмдөрдүн психикалык абалына кандай таасир тийгизерин аныктоону максат кылышкан. Талкууланган варианттардын арасында социалдык тармактарга толук тыюу салуу, күнүнө бир саат менен чектөө жана түнкү убакта колдонууга тыюу салуу чаралары болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button