Дүйнө

Трамп Иран менен келишим түзүлгөнүн жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран менен келишим түзүлгөнүн жарыялап, Иранга карата деңиз блокадасы алынарын жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин өтүүсү кайра жанданарын билдирди.

«Иран Ислам Республикасы менен келишим түзүү процесси аяктады. Баарыңызды куттуктайм. Ормуз кысыгын кемелердин эркин жүрүшү үчүн ачууга уруксат берем жана ошол эле учурда АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн деңиз блокадасын дароо токтотуу боюнча буйрук берем. Дүйнөнүн бардык кемелери, кыймылдаткычтарыңарды иштеткиле. Мунай агымы кайра жандансын», — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.

Ак үй башчысы Ормуз кысыгынын ачылышы Иран менен келишимге 19-июнда, жума күнү кол коюлгандан кийин ишке ашарын белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади келишимдин тексти макулдашылганын ырастап, документке 19-июнда Швейцарияда кол коюларын билдирди.

Сүйлөшүүлөргө ортомчу болгон Шахбаз Шариф макулдашуу бардык аскердик операцияларды, анын ичинде Израилдин Ливандагы операцияларын да токтоторун айтты.

АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Fox News телеканалына берген маегинде келишим Ирандын эч качан өзөктүк куралга ээ болбошуна кепилдик берерин билдирди.

«Иран өзөктүк куралды иштеп чыгууга гана эмес, аны сатып алууга же башка жол менен алууга да аракет кыла албайт. Бул келишимде так көрсөтүлгөн», — деди Вэнс.

Ал ошондой эле Тегеран келишимдин шарттарын аткарса, Жакынкы Чыгыш кийинки 50 жылда түп-тамырынан өзгөрүп, инвестициялар үчүн кыйла ыңгайлуу аймакка айланарын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button