Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун браконьерлик торлор жана моторлуу кайык менен кармалды

8-март күнү болжол менен түнкү саат 00.45 чамасында рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун Чоӊ-Өрүктү айылынын көлдүн жээгинен браконьерлик торлор жана моторлуу кайык менен жергиликтүү тургунду кармашкан.
Чоӊ-Өрүктү айылынын 39 жаштагы И.Э. тургунунан далил зат катары 19 даана синтетикалык балык улоочу торлор жана «YAMAHA» үлгүсүндөгү кыймылдаткычы бар сууда жүрүчү темир кайык алынган.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.



