Коом

УКМК: “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан лицензиясы жок 8 тоннага жакын алкоголдук ичимдиктер аныкталды

Аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү лицензиялары жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө спиртти Кыргыз Республикасынын аймагына этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ишкерлик менен алектенген субъекттердин бири тарабынан ташып келингени аныкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, импорттолгон алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын.

Учурда Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button