Коом

“Аккула” ат майданы жеке менчикке берилиши мүмкүн

Бишкек мэриясы түз сатуу шартында ипподромду 53,61 гектар жери менен кошо «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компанияларына сатууну көздөп жатат.

Келишим боюнча жеке компаниялар алган жердин ордуна мэрияга бала бакча, мектеп, жол, сейил бак жана автоунаа токтотуучу жайларды куруп берет. Эгерде сунуштардан баш тартса, ат майдан кызыкдар болгон башка тараптарга сатылмакчы. 

«Аккула» буга чейин эки жолу тоорукка чыгарылып, бирок кардар чыккан эмес. Объектинин баштапкы баасы 8 ,7 млрд. сом (97 млн. доллардын тегереги) деп бааланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button