Коом
ИИМ жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун туумдарын алып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Башкармалык кыргызстандыктардын кайрылууларын жана өлкөдөгү экономикалык абалды эске алышканын айтууда.
Маалыматка караганда, айып пулдун туум акчасын өндүрүүгө (почта кызматы, конверттер, А4 кагазы, картридждер, сот аткаруучулардын чыгымдары) бюджеттик каражаттар көп жумшалат. Жыл ичинде 118,4 млн сом кетет.
@user2



