Коом
Кыргызстан ушул жуманын ичинде Россияга форелин кайрадан эскпорттоп баштайт
Бирок бул талаптарга жооп берген, кемчиликтерин оңдогон мекемелердин продукциясы болот. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте билдирди.
“Учурда Кыргызстандын ветенария кызматынын жетекчиси Москвада жүрөт. Россельхознадзордун жетекчиси менен жолукту. Ал жакта макулдашуу бар. Буюрса, ушул жуманын ичинде талаптарга жооп берген, кемчиликтерин оңдогон мекемелер менен экспортту ачабыз”, — деди министр.
Жаныбеков өлкөдө балык менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгүнүн бизнес жүргүзүүсү талапка жооп бербегендиктен учурда өлкө алардын түйшүгүн тартып жатканын кошумчалады.



