ВИДЕО: Ысык-Көл облусунда 3 айда кылмыштардын жалпы саны азайганы байкалууда

14-апрель күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында, башкармалыктын башчысы Орунбай Кочкоровдун төрагалыгы астында үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
Ыкчам кеңешмеде белгиленгендей, облус боюнча катталган кылмыштардын жалпы саны азайганы байкалууда. Ошондой эле, жол кырсыктарынын саны 11 пайызга кыскаргандыгы белгиленди. Оор жана өзгөчө оор, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо, батирдик уурдоо кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчтөрү жакшырганы байкалууда Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 76 килограммдан ашык баңги заттардын ар кандай түрлөрү жана 20дан ашык ок атуучу курал алынган.
Отчеттук мезгилде экологиялык коопсуздукту камсыздоо багытында бир катар алгылуктуу иштер аткарылган. Туристтик-экологиялык милициясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 3 айында мыйзамсыз балык улоонун 16, мыйзамсыз аңчылыктын 5 жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюунун 24 учурларын аныктоого үлгүрүшкөн. Аталган кызматтын кызматкерлеринин күчү менен көлдөн узундугу алты километрге жеткен 60 даана, ал эми башка ведомстволор менен бирдикте 22 миң метрден ашык браконьердик торлор алынган. Тянь-шань карагайынын 800дөн ашык көчөттөрү отургузулду.

2023-жылдын 1-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө баяндамадан кийин, кеӊешменин катышуучуларынын көңүлүн облустун Ички иштер органдарынын калкты сапаттуу сервистик тейлөө менен камсыз кылуу, жарандардын кайрылууларына жана даттанууларына өз убагында жооп кайтаруу, санариптик тутумун андан ары киргизүү жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине бурулду. Жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык ченемдерди туу туткан кызматкерлерди даярдоо иш-чараларын жүргүзүү маанилүүлүгүн баса белгилеп, өздүк курам менен иштөөнү жакшыртуу зарылдыгын талкуулашты.
«Учурда ички иштер органдарына көптөгөн жогорку талаптар коюлууда, милиция кызматкерлеринин күнүмдүк кызматы күчөп, алардын жоопкерчилиги өсүүдө. Биздин кызматкерлер жарандарга маанилүү жана керектүү маалыматтарды жеткирүү үчүн калк менен дайыма байланышта болуп турушу керек, ошондой эле алардын суроо-талаптарын, каалоолорун жана кеңештерин күнүгө алып туруусу маанилүү. Милиционерлердин кызматында – эл менен тыгыз жана ачык иштешүү өтө зарыл», — деп баса белгиледи Орунбай Кочкоров.
Ыкчам кеңешменин акырында, облустун аймагында укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча бир катар милдеттер коюлуп кетти.



