Коом

Боомдо таш кулатылып, жол 5 күн бою маал-маалы менен жабылат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118 чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатылып, автоунаа жана темир жолу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.

Таш кулатуу иштери күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлүп, трасса 17-апрелден 21ине чейин тосулуп турат. Ал эми транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button