Коом

Жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев бир нече мамлекеттин Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлдөрү менен жолугушту

2023-жылын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашышты, ошондой эле аларды мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев жаратылышты коргоо маселелери боюнча кызматташууну мындан ары да арттыруунун, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына Британ инвестицияларын тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Министр Улуу Британиянын жаратылышты коргоо министрлиги менен эки тараптуу Меморандум түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, британ тарап менен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү, ошондой эле өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө М.Тургунбаев жана Шарлотт Сурун айымга үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде өткөрүлө турган «Бишкектеги смог менен күрөшүү: чечүү жолдору» тегерек столун уюштуруу жөнүндө маалымат берди. Министр Британ тарапты алдыдагы иш-чарага катышууга чакырды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да улантууга жана тереңдетүүгө умтулууларын тастыкташты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button