Коом

ТИМ кыргызстандыктарды Суданга баруудан баш тартууну сунуштады

Судан Республикасында регулярдуу армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына аталган өлкөгө абал толук турукташканга чейин ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сауд Аравия падышалыгындагы элчилигинин маалыматы боюнча, учурда Судандын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катталган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button