Кыргызстанда жер титиреп, аймактарда үйлөр жабыркады

Кыргызстанда кечээ саат 19:44тө очогундагы күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.
Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 50 чакырым түндүк-батышты карай, Токтогул шаарынан 63 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Майлуу-Суу шаарында 5 баллга, Жалал-Абадда 4 баллга, Токтогулда 3,5 баллга, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан эки турак үйдүн, Сузакта Кыз-Кол айыл аймагындагы мектептин спортзалынын дубалдарынан жарака кеткенин белгиледи.
Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук башкармалыгына «айгай» жарыяланды.
Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүүгө ыкчам топ тартылганы кошумчаланды.



