Коом
Жалал-Абадда эртең бир катар маршруткалар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт

Жалал-Абад шаарында эртең бир катар маршруткалар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орозо айынын урматына эртең, 24-мартта шаардын №101, 104, 103,105, 109, 110 маршруттук каттамдарында бирден кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт.
Муниципалитеттен белгилешкендей, акысыз каттам жүргүзө турган кичи автобустарга «Орозоңуз кабыл болсун. Орозо айынын урматына жол акы алынбайт” деген жазуу илинген.



