Чек ара кызматы эмнеге Казакстан айланма жолго тосмо орнотуп жатканын түшүндүрдү

Учурда соцтармакта жолдун түштүк тарабын казак тарап зым менен тосуп жаткан видео талкууланууда. Жергиликтүү тургундар коңшу өлкөнүн аскерлери чек араны мыйзамсыз басып өттү деп нааразы болгон.
Буга карата берилген расмий түшүндүрмө:
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Казакстан өзүнө караштуу 800 метр транзиттик тилкеге тосмолорду орнотуп жатат. Буга чейин спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан.
2023-жылдын 4-майында Казакстан кыргыз тарап менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы жолдун ачык тилкелеринде тосмолорду орното баштаган. Жолго кире бериштин эки тарабында тең транзиттик жолдон өтүү жөнүндөгү эрежелер менен маалымат такталары орнотулган.
Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын аталган тилкеден токтобой өтүүгө, адамдарды жана жүктөрдү автоунаадан түшүрүп же чыгарбоого чакырат.



