Коом

Казакстандан Кыргызстанга 1 тоннадан ашык малдын ич эти мыйзамсыз ташылып келген

Казакстандан Кыргызстанга малдын ич эттери мыйзамсыз жол менен ташылып келгендиги аныкталды.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айцыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттер Ветеринардык кызматтын «Ак-Жол» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган. Ташылып келе жаткан малдын ич этинин жалпы салмагы 1050 кг өлчөмүндө болгон.

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button