Коом

«Манас» аэропортуна баруучу жол жарыктандырылат

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК аэропорттук инфраструктураны гана эмес, өлкөнүн аба дарбазаларына ыңгайлуу жана коопсуз жетүүнү камсыз кылган объектилерди өнүктүрүү боюнча иштерин ырааттуу улантууда.

Компаниянын маалыматы боюнча, учурда «Манас» эл аралык аэропортун борбор калаа Бишкек менен байланыштырган жолго сырткы жарыктандыруу орнотуу долбоору ишке ашырылып жатат. Бул магистраль эң жүктөмдүү жолдордун бири болуп саналат жана күн сайын миңдеген адамдардын каттамын камсыздайт.

Долбоордун алкагында «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын каражатына заманбап сырткы жарыктандыруу үчүн 756 мамыча сатылып алынды. Бул жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, түнкү убакта көрүнүүнү жакшыртат, айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт жана республиканын башкы аэропортуна алып баруучу жолдун транспорттук инфраструктурасынын деңгээлин көтөрөт.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК долбоорду ишке ашыруудагы конструктивдүү кызматташуусу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирди.

Жарык мамыларын орнотуу жана жарыктандыруу жабдууларын монтаждоо иштерин борбор калаанын муниципалдык кызматтары жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button