Коом

Чүйдүн Жаңы-Жол айылында жаңы инновациялык мектеп ачылды

Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында жаңы инновациялык мектеп ачылды. Ал жетим жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеп-интернаты менен Оштогу Компетенциялар борборунун базасында түптөлгөн.

Мектеп 1956-жылы негизделген, 2026-жылы заман талабына ылайыкташтырылып, билим берүү аянтчасына айланган. Бул жерде 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар билим алат.

Долбоордун алкагында окуу жайда наабайкана, бакча жана күнөскана курулган. Бул объектилер окууну практика менен айкалыштырып, окуучуларга рынок шартына туура келген кесип ээси болууга өбөлгө түзөт.

БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен мектептин наабайканасына заманбап жабдуу орнотулган. Окуунун жыйынтыгы менен балдар башталгыч кесиптик билим тууралуу диплом алып, расмий жумушка орношууга жол ачылат.

Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кандай гана кыйынчылыкка кабылбасын, ар бир бала үчүн сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү, технологиялар жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Россия элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко Россиянын жардамы жана БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен Кыргызстандын 2 200 мектебинде толук кандуу ысык тамак уюштурулганын эске салды.

Анын айтымында, быйыл дагы 35 мектептин окуучуларын толук кандуу тамактандыруу пландалууда. Ушундай эле иштер кесиптик лицейлерде жүрүп жатат, кийин бала бакчаларды да камтыйт.

БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кожиро Накай мектеп тамактануусу аялуу балдарды социалдык жактан коргоонун эң майнаптуу ыкмасы экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button