Саясат

Садыр Жапаров: Криминалдык чөйрөнүн айрым мүчөлөрү жазага тартылбайбыз дешкен

Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатып, криминалдык чөйрөдөгү өзүм билемчилик маселесине токтолду.

“Мага жеткен маалыматтар боюнча Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында массалык түрдө ротациялар жүргузүлгөн. Бул биринчи кезекте коррупциялык көрүнуштөрдү минималдаштыруу үчүн жасалган деп билебиз. Анткени жетекчилердин айрымдары өз креслолорунда бир нече жылдан бери отуруп, жергиликтүү крим чөйрө менен жана башка деструктивдүү күчтөр менен жакындашып, биргелешип алышкан. Натыйжада, криминалдык чөйрөнүн айрым мүчөлөрү жазага тартылбайбыз деп, өздөрүн ишенимдүү сезишип, баарын жасай берсе болот деп абдан ишенип алышкан. Мындай мыйзамга каршы келген аракеттерди Улуттук Коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги өз убагында токтотту.  Буга татыктуу баа берсе болот.

Ошол эле учурда ички аскерлердин потенциялык көтөрүүгө, алардын дайым даярдыктарын жакшыртууга кылдат көңүл бурулушу керек. Керек болсо ички аскерлерге да ротация жүргүзүү зарыл. Ким татыктуу болсо кызматынан көтөрүлсүн. Татыксыздар дароо иштен алынсын. Күтүп отурууга бизде убакыт жок. Кадр потенциялы бекемделиши керек. Эгерде керек болсо ардагерлерди да ишке тартуу шарт, алардын иш тажрыйбасын колдонуу зарыл. Күнү-түнү иштеп жаткан жаш офицер, сержанттарга, прапорщиктерге дем-күч, стимул берип, аларды ар тараптан колдогула. Ошондой иштерде алардан эффективдүү жардамдар болот.

Алдыга коюлган милдеттерди так аткарат деп ишенем. Ушундай иштеп жаткан темптен жазбагыла!” – деди президент.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button